Жазасын берүү, сокку уруу, кадемин катыруу. Пейли бузук душмандын, Берген эле катыгын (Тоголок Молдо). Тенти кээде жай сүйлөп эле катыгыбызды берип койчу (Бейшеналиев).
Ишке же жашоо-тиричиликке, кыйынчылыкка ж. б. такшалуу, кагылуу, токтолуу. Жаман чапан кийгиздим, Катыгып адам болсун деп («Эр Табылды»). Өйдө-ылдый шартка көнө элек, катыга элек балага мындай милдетти тагып коюуга боло койбос («Ала-Тоо»).